Эки өлкөнүн ортосундагы жоголгон малдар кайтарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Исфара районунун Ворух анклавы чектеш болгондуктан эки элдин мал-жандыктары чек арадан өтүп кетип жүргөн.
Баткен РИИБнин жетекчилиги менен Исфара РИИБнин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын 12-январь күнү кыргыз тараптан жоголгон 2 баш ийри мүйүздүү жана 4 баш эчки, ал эми тажик тараптан 9 баш койду кайтарып алышкан. Кайтарылып алынган малдар өз ээлерине кайтарылып берилди.