Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бекеттердин иш тартиби өзгөрдү

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.

2022-жылдын 13-январы саат 14.00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:

Кыргызстандын "Ак-Тилек-авто жол", "Чалдыбар-авто жол", "Ак-Жол-авто жол" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барышууда:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Ак-Тилек-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

"Чалдыбар-авто жол" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандан чыга алышат.

Кыргызстандын "Каркыра-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана "Каркыра-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын "Кең-Булун-авто жол" жана "Токмок-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 7-январынан казак тараптын демилгеси менен жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

2022-жылдын 13-январы саат 14.00 карата "Ак-Тилек-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайынын кире беришинде чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезек күтүп Кыргызстандан Казакстанды көздөй 70 чактыдай оор жүк ташуучу транспорт каражаттары турат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД