Ошто милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 12-13-январь күндөрү Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында жана Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама унаа менен калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Бул иш-чаранын максаты жергиликтүү тургундардын арыз-муңун угуу жана коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 1-декабрынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кыш мезгилинде көмүр жаккан учурда газдан уулануудан сактануу, электр энергиясын үнөмдөө жана ашыкча электр шаймандарын кароосуз калтырбоо менен өрт кырсыктарынан алдын алуу боюнча эскертүү жүргүзүлдү.

Ал эми Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Кайрат Майрыковдун жетекчилигинде Папан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери, айыл башчылары менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле жеринде жашоочулардын арыз-даттанууларын угуп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Папан айылынын тургундары оор жүк ташуучу унаалар ашыкча салмактагы жүк жүктөп жолдорду бузуп жаткандыгын айтышып, аталган айылдын аймагына жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерин бөлүүнү суранышты. Тургундардын өтүнүчү боюнча жакынкы күндөрү бул аймакка жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери график боюнча иш алып баруу жагы пландаштырылууда.

Мындан сырткары, калк жыш жайгашкан жерлерде жарандарга санитардык талаптарды так сактоого, коргонуу каражаттарын колдонууга, социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Араван районунун тургундарынан түшкөн арыз-даттануулар социалдык маселелер болгондуктан, алынган арыздар тиешелүү мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД