Коомдук унааларда санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейддер күчөтүлөт

Борбор калаанын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрайымдыгы алдында шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга райондук администрациялардын, саламаттыкты сактоо башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, билим берүү башкармалыгынын, шаардык транспорт башкармалыгынын жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгын өкүлдөрү катышышты.

Комиссия мүчөлөрү эпидемиологиялык кырдаалды жана коронавирус инфекциясынын Бишкек шаарында мындан аркы жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында күн сайын коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын көбөйүшүн эске алуу менен шаардык транспорт башкармалыгы коомдук унааларда санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтөт.

"Ошондой эле 118 чалуу борборунун иши дагы күчөтүлөт. Операторлордун иши саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин узартылат, зарылдыгына жараша линияларды жана мобилдик бригадалардын санын көбөйтөбүз.

Кымбаттуу шаардыктар! Суранабыз, алдын алуу чараларын сактаңыздар: массалык иш-чараларга баруудан баш тартып, аралыкты сактаңыздар, беткап тагыныңыздар, колду тез-тезден жууп жана имараттарды желдетип, антисептик колдонуп, эмдөө алыңыздар", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД