АКШда донордук кан топтоо жетишсиз болуп баштады. Бул тууралуу "Кызыл Крест" уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай мүчүлүштүктүн себеби COVID-19дун "омикрон" штаммынын кескин жайылып кетиши экени айтылды. Тактап айтканда, коронавирус жугузган донорлор көп болуп, атайын борборлор жетиштүү кан топтой албай калып жатышат.
Буга байланыштуу АКШ ооруканаларынын 40%ын донордук кан менен камсыздаган "Кызыл Крест" уюму чектөө киргизүүгө аргасыз болууда.
Учурда АКШда күнүнө бир жарым миллионго чукул адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталууда.