14-январга берилген аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 14-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, дыйканчылык аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт.

Тоо этектеринде жана тоолуу унаа жолдордо кар жана муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД