Орозбаев: "Жаңы кодекс президенттин жарлыгынын алкагында даярдалууда"

Бүгүн, 1 - июнда Чүйдөгү Кой-Таш эс алуу борборунун жыйын залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексин толуктоо боюнча көчмө жыйын өттү.

Анда аталган кодекстин айрым пунктарын толуктоо, алымча-кошумча кылуу боюнча эксперттик топ талкуу жүргүздү.

Бул топтун мүчөсү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаевдин айтымында бул демилге бир канча убакыт мурун эле башталып, кийин убактылуу токтоп калган. Эми президент Садыр Жапаровдун мыйзамдарды инвентаризациялоо тууралуу жарлыгынын алкагында кайра жанданган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД