Кийинки аптада Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин маалыматын угат. Бул тууралуу чечим бүгүн, 13-январда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Бул боюнча сунушту депутат Дастанбек Жумабеков киргизди. Ал бюджет, жазгы талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов маселени добушка коюп, сунуш колдоо тапты.