Экс-депутат Карганбек Самаков сот тарабынан акталды

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актап, мүлктөрүн камактан чыгарды.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыптуу деп тапкан. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Өткөн жылдын башында Жогорку сот ошол кезге чейинки Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген.

Жогорку сот өткөн айда анын ишин кыскартуу тууралуу Бишкек сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра экинчи инстанцияга жөнөткөн. Анда прокурорлор айыптоо корутундусунан баш тартканына байланыштуу иш кыскарганы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД