Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус оорусу күчөп жатат. 12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык Кыргыз Республикасы сары зонага, ал эми Бишкек шаары кызыл зонага кирген.
COVID-19га каршы республикалык штаб кокусунан балдар ооруп калса эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат берди.
Ата-энелер үчүн сунуштар:
Эгерде балаңыз:
⠀
-алсыз болуп
-тамагын бир нерсе кырып кеткендей ооруп жатса
-мурду бүтсө
-башы ооруп, баса албай, алы кетип жатса
-тамак жебей калса же табити жок болсо
-денеси ысып, бирок ошол эле учурда үшүп жана чыйрыгып – дене табы көтөрүлсө
⠀
АНДА:
⠀
-абалы начарлап кетпеши жана башкаларга жугузбоо үчүн баланы мектепке жөнөтпөңүз
-тамак ичүүгө кыйнабаңыз, анткени организм бардык күчүн оору менен күрөшүүгө жумшап жатат
-суюктукту (компот, чай, суу) көп бериңиз. Суунун өлчөмүн педиатрдан тактаңыз
-дене табын текшерип туруңуз: 38 °C чейин вируска антителолорду иштеп чыгуу жүрөт, бирок кээде бала 37.8- 37.9 градуста өзүн начар сезгенде – дене табын түшүрүүгө болот жана түшүрүү керек
⠀
39-40 градус жана андан жогору дене табы кооптуу. Тез жардам чакыруу керек, ал келгенге чейин ибупрофен же парацетамол берүү зарыл. Дозасын аймактык дарыгерден алдын ала билип алуу керек.
⠀
*Боор оорулары бар шартта
- парацетамол балдарга гана эмес, чоңдор үчүн дагы КООПТУУ
Жогорудагы белгилер пайда болгон шартта сөзсүз түрдө педиатрга кайрылыңыздар.