Дарыгердин көрсөтмөсү жок, антибиотиктерди өз алдынча колдонбоңуз!
Антибиотиктер дарыгердин рецепти менен гана сатылат!
Антибиотиктер кандай зыян келтириши мүмкүн?
• Аллергиялык реакциялар жана башка күчөгөн,, анын ичинде оор жана өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Айрым учурда өлүмгө чейин алып барат. Анафилактикалык шок, Квинкенин шишиги 1 таблетканы ичкенден кийин да пайда болушу мүмкүн!
• Ичеги микрофлорасынын бузулушу
• Бактериялардын туруктуу штаммдарынын көбөйүшү жана таралышы
Бейтаптар үчүн эскертме:
• Эч качан өз алдынча дарыланбаңыз!
• Дарыгердин уруксаты жок антибиотиктерди колдонбоңуз.
• Вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн антибиотиктерди ичпеңиз, вирустарга таасир этпейт.
• Ооруну алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонууга болбойт.
• Айыга баштаган учурда антибиотикти ичүүнү токтотпостон, дарыгер жазып берген дарылоо курсун толук бүтүрүү керек
• Дарыгер жазып берген антибиотиктин дозасын өз алдынча алмаштырууга болбойт.
• Эгерде дарылоо курсу аяктап, ал эми антибиотик калып калса, калдыктарын "кымбат болчу, калтырып койгум келбейт" деп ичип түгөтүүнүн кажети жок.
• Сизге жазылган антибиотикти башка адамдарга бербеңиз.
Эгерде дарыгер Сизге антибиотик жазбаса, бул анын жазгысы келбей койгонун билдирбейт, демек ал Сизге көрсөтүлгөн эмес. Аны сурап, даттанып, башка дарыгерлерге чуркоонун кереги жок.