Кыргызстандык Азиз Мусаевдин сөөгү Алматыда жерге берилет

Казакстанда болгон башаламандыкта каза болгон кыргызстандык Азиз Мусаевдин апасы уулунун сөөгүн Алматыда жерге берет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда каза болгон Мусаевдин апасы С.Иманходжаева Алматы шаарында болууда.

"Туугандарынын тандоосу боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматыда өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Азиз Мусаев 6-январда Казакстанда орун алган башаламандыкта каза болгон. Республика аянтынын жанында жашаган эжесинин үйүнө келе жатып, жарадар болгон чалга жардам берип жаткан убакта, ага ок тийген. Ал Алматы шаарында фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД