Эпидемиолог-дарыгер: Азырынча запаста вакцина бар

Буга чейин соцтармактарда Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина калбай калганы, жаңы келе тургандар акы төлөгөндөргө гана сайылары тууралуу сөздөр чыккан эле. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог-дарыгери Рыскүл Чыналиева "Маралга" берген маегинде бул сөздөрдү төгүндөдү.

"Азырынча запаста вакцина бар. Төлөтүп эмдөө жөнүндө сөз боло элек. Калк эмдөө иштерине активдүү катышып жаткан менен Кыргызстандын, Бишкектин баардык жашоочуларын камтый элекпиз. Ошондуктан, каалагандар эмдөө пункттары ачылган бейтапканаларга келип, вакцина алып кетсе болот", - дейт дарыгер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД