Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

УКМК Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы 14-январда саат 16.00го суракка чакырды. Бул тууралуу "Азаттык" күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазып чыкты. Ал эми атайын кызмат буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол тууралуу сурак берип жатканы белгилүү болду.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД