Бишкекте BMW Х6 унаасынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине шаар ичинде токтоп турган унаанын ичинде болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз жигиттин жансыз денеси жатат деген маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, ал жерден күч колдонуу менен өлүмдүн тышкы белгилери жок белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Ал 1993-жылы туулган К.С. болуп чыкты.
Бул факты Бишкек Свердлов РИИБине катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.