Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган аскердик контингент бүгүн, 14-январда Кыргызстанга кайтып келди.
Эске салсак, Кыргызстан келишимдин алкагында Казакстанга кыргызстандык 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн.