Кыргызстандын президенти Садык Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикалык, сот жана тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн сыйлансын:
"Данакер" ордени менен
Казакбаев Руслан Айтбаевич – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Бакирова Нургүл Жакыповна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы;
Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.