Ооруп жаткан адам эмдөөдөн өтө алабы? Адистин жообу

Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар убактылуу эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр болуп саналат. Бул тууралуу 14-январда өткөрүлгөн брифингде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Жугуштуу оору, анын ичинде COVID-19 менен ооруп жаткан адам менен байланышта болгон адам карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин эмделет.

Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар эмдөөгө убактылуу каршы көрсөтмөлөр болуп саналат. Эмдөө, адам айыккан соң 2-4 жумадан кийин же ремиссиядан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД