Айнура Акматова калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө, бирок бул дүрбөлөңгө түшүүгө негиз эмес. Бул тууралуу КР ССМнын коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова 14-январдагы брифингде билдирди.

"Дүрбөлөң түшпөңүздөр! Дүрбөлөң стресске, стресс – кортизол гормонунун бөлүнүп чыгышына алып келет. Бул болсо иммунитетти начарлатат. Адам ар түрдүү жугуштуу ооруларга, айрыкча курч мүнөздөгү респиратордук ооруларга, коронавирус инфекциясына алсыз жана кабыл алуусу жогору болуп калат.

Саламаттык сактоо системасы COVID-19дун жаңы толкунуна даяр. Бизде дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары жана медициналык буюмдар жетиштүү. Калкка тынчсыздануунун кажети жок, бирок санитардык ченемдерди сактоо жана эмдөөдөн өтүү зарыл", - деп белгиледи Акматова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД