Кандай учурда мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылышы мүмкүн?

"Кыргызстандагы билим берүү уюмдары учурда Билим берүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык кадимки режимде иштеп жатат.

Мектептер, бала бакчалар окуучулардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоо үчүн жалпы коопсуздук жана гигиеналык чараларды сактоо менен иштеши керек". Бул тууралуу 14-январда өткөн брифингде Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

Санитардык ченемдерди милдеттүү түрдө сактоо керек:

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу

Кол жууганга шарт түзүү

Окуу бөлмөлөрүн, тазалык бөлмөлөрүн тазалоо жана дезинфекциялоо боюнча пландарды/графиктерди иштеп чыгуу

Социалдык аралыкты сактоо

Массалык иш-чараларга: концерттерди, жолугушууларды, майрамдарды ж.б. тыюу салуу

Кире бериште дене табын текшерүү, колду дезинфекциялоо

Ата-энелердин, асыроочу адамдардын имаратка кирүүсүн чектөө.

"Эгерде билим берүү уюмунда курч мүнөздөгү вирустук оорулардын бир учуру аныкталса, анда оору катталган топ же класс карантинге жабылат. Эгерде эки же андан көп учур болсо, бүт уюм карантинге алынат.

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык СЭК борборлору жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан ар бир уюм боюнча биргелешкен чечим кабыл алынат", - дейт ал.

Аралыктан окууга өтүү чечими ар бир билим берүү уюму боюнча биргеликте кабыл алынмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД