"Эйр Астана" авиакомпаниясы 2022-жылдын 12-январынан тартып Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыттары боюнча авиакаттамдарды жандандырды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, каттамдар жана билеттер боюнча бардык суроолор менен "Эйр Астана" авиакомпаниясына кайрылуу зарыл.