Бишкекте үч эм төрөлдү

Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаева билдиргендей, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну 2022-жылдын 13-январында саат 15:30да АДКИБга 34 жума 5 күндүк кош бойлуулук диагнозу менен түшкөн. Үч эм. Ал кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кош бойлуулук, экинчи төрөт. Кош бойлуу аял преэклампсия оорусуна байланыштуу ошол эле күнү шашылыш кесарево операциясына алынган. Бир уул, эки кыз төрөлдү. Биринчи баланын (уулдун) салмагы 2150,0 гр, экинчи ымыркайдын (кыздын) салмагы 2250,0 гр, үчүнчү баланын (кыз) салмагы 1850,0 гр.

"Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Учурда көз жарган эг реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Балдар бөлүмүндө жаткан ымыркайлардын абалы орточо туруктуу. Эне жана балдардын абалына динамикалык мониторинг жүргүзүлүүдө", - деди Нургүл Шоонаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД