Өткөн жылы Бишкекте 3 миңден ашуун мас айдоочу кармалган

Милициянын кайгуул кызматында 2021-жылды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловтун, ЖКККББнын мониторинг борборунун орун басары Медер Шабдановтун, ошондой эле МККБнын башчысы Алмазбек Исаковдун жана анын орун басарларынын, рота саркерлери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2021-жылды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өтүп, төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 2021-жыл ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 289 136 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 112 974 187 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 3175 ;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 3284;

- Авто ээнбаштык 69;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 751;

-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедтер катышкан эреже бузуулар 5514;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 276 340;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22580 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 2021-жыл ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 77 413 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Алардын ичинен:

-23 331 чакыруу боюнча жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген;

-1476 чакыруу боюнча "Коломто" муниципалдык жайына жеткирилген;

-156 Кайырчылар боюнча чакыруулар тейленген.

Ыкчам кеңешмеде башкы башкармалык тарабынан мындан башка да, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД