Парацетамолду өтө ашыкча колдонуу өлүмгө алып келиши мүмкүн

ПАРАЦЕТАМОЛ – дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дары, бирок ал сезгенүүгө каршы таасир бербейт! Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармкөзөмөлдөө жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова айтып берди.

Парацетамолду колдонуу боюнча негизги сунуштар:

* Алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт – бул боорго таасирин тийгизет!

* Дарылоонун узактыгы: дене табын түшүрүү каражаты катары 3 күндөн ашык эмес, ооруну басаңдатуу каражаты катары 5 күндөн ашык эмес колдонуу керек.

* Белгиленген дозадан ашырбоо зарыл!

* Парацетамолдун ашыкча дозасы боордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн!

Атайын көрсөтмөлөр:

* Парацетамолду, башка курамында парацетамол бар дарылар менен бир убакта колдонууга болбойт, бул ашыкча дозага алып келиши мүмкүн.

* Дарыны 5 күндөн ашык колдонууда кандын жана боордун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө керек.

Ашыкча дозанын белгилери:

• теринин кубаруусу;

• жүрөк айлануу, кусуу;

• ич оору;

Ашыкча дозадан улам боордун функциясынын бузулушунун симптомдору 12-48 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Өтө ашыкча дозаны колдонгондо боордун жетишсиздиги: энцефалопатияга, комага, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми курч бөйрөк жетишсиздигинен аритмия, панкреатит өөрчүшү мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД