Жаздын акыркы күнүндө Өзбекстандагы бир катар шаарларда абанын температурасы кескин жогорулады. Гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча, 31-майдагы ысык эң жогорку чекке жеткен.
Мисалы:
Нукус шаарында 41.2° градуска жетти (буга чейин эң жогорку абанын температурасы 2015-жылы катталып, 39,5° болчу);
Ургенч шаарында - 42.9° (1933-жылы 39.4° болгон);
Бухарада - 43.0° (1967-жылы 40,3° болгон);
Навоиде - 41,0° (1961-жылы 40,5° болгон).