QR-код алуу үчүн "Эмделгендер реестри" маалыматтык системасында КР жарандары жана чет элдик жарандар үчүн COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат берүү боюнча модуль иштейт.
⠀
✔ Бул модуль саламаттык сактоо уюмдарында сертификаттарды берүүгө мүмкүндүк берет жана аралыктан сертификат алууда кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн альтернатива болуп саналат.
⠀
⬇ Төмөндө биз сертификат жана кодду ала турган шилтеме менен бөлүшөбүз.
⠀
https://vc.emed.gov.kg/Certificate/IndexAll (https://vc.emed.gov.kg/Certificate/IndexAll)
⠀
Ушул шилтемеге өтүп сертификат алуу үчүн электрондук айдикартанын пин кодун жана номерин терип, системага киресиз.