"Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен айыпталуучу Дашковдун баш коргоо чарасы соттук териштирүү бүткүчө үй камагына өзгөртүлгөн.
Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрь айына чейинки аралыкта товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү үчүн төлөм шылтоосу менен 1,1 млрд сомду жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айыпталган.
2021-жылдын 8-июнунда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.