Бүгүн республика боюнча Авто-ЦОНдор кадимки тартипте иштөөдө

Бүгүн республика боюнча Авто-ЦОНдор кадимки тартипте иш алып барып жатат. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтсак, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү жана республика боюнча иш алып барган Авто-Цондор кадимки тартипте ишке чыгып, калкты тейлөөдө.

"Министрлер кабинети Жаңы жыл майрамынан кийин жумушчу күндөрдү жылдыруу чечиминен кийин 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү 2022 жылдын 4-январындагы иш күнүнө, ал эми 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 6-январындагы иш күнүнө которулганын белгилейбиз.

Буга байланыштуу, айдоочулар унаага тийиштүү бардык документтерди каттоо жана кабыл алуу маселелерин ушул күндөрдү эске алуу менен колго алууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД