Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган.
Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүм болуп саналат.