Казакстанда Нур-Султан шаарын Астана деп өзгөртүүгө кол топтоо башталды

Казакстандын борбор шаарын мурдагы аталышы Астана деп өзгөртүүгө кол топтоо башталды, деп билдирет КазТАГ.

"2019-жылдын март айында Казакстан Республикасынын президентинин жарлыгы менен өлкөбүздүн борбору Астана шаары Нур-Султан шаары болуп өзгөртүлгөн. Бул чечим социалдык тармактарда жана карапайым калктын турмушунда терс кабыл алынып, күнүмдүк турмушта мурунку аты колдонулуп келет. Коомдогу маанайды эске алып, Казакстан Республикасынын президентин, өкмөтүн жана парламентин биздин Республикабыздын баш калаасынын мурунку аты - Астана шаары деп кайтарып берүүнү суранабыз", - деп айтылат тиешелүү петицияда.

Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Мындан тышкары, петициянын авторлору жергиликтүү бийликтерден бардык шаарлардагы Назарбаев атындагы көчөлөргө мамлекеттүүлүктү, биримдикти жана өлкөнүн эгемендигин баса белгилеген бейтарап ысымдарды берүүнү суранышты.

"Мисалы, Алматыдагы Назарбаев проспектисин Республика проспектиси деп атаса болот", - деп айтылат петицияда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД