Ош шаарында жеңил атлетика боюнча жарыш өттү

Бүгүн Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында бардык каалоочулар арасында жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ага 100гө жакын адам катышып, аялдар, эркектер жана профессионалдар 3 жана 5 чакырым аралыкка чуркашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты.

Мэриядан сергек жашоого үндөө максатында мындай жарыштарды байма-бай өткөрүп туруу пландалып жаткандыгын кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД