Бишкектин Нарвская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен селсаяктын (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар белгилүү жашаган жери жок эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.