Баткен: куралды этиятсыз колдонуудан бир аскер каза болду

Баткен облусунда куралды этиятсыз колдонуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя Баткен облусунун Баткен районунуну Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлери арасында болгон.

Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД