
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 5014 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-январынан тартып, 13-январга чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5014 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -42 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу 23;
-Жасалма номур менен авто унаа айдоо -2;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 157;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 4779;
255 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.