
Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган мектептин окуучуларынын ата-энелеринин биринин билдиргенине шилтеме берип "Кабар" жазып чыкты.
Анын айтымында, балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган.
"Балдар болжол менен 31-январдан тарта мектепке бара баштары айтылды", - деген ал.