Бейшеналиев: "Коронавирустун омикрон штаммы менен жаштар көп ооруп жатат"

Өлкөдө коронавирустун омикрон штаммы менен жаштар көп ооруп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Коронавирустун 4-толкуну келген. Биз муну күткөнбүз. Себеби жаңы жылда көп майрамдык кечелер болуп, андан соң каникул, кышкы туристтик мезгил болуп адамдар көп топтолуп, бири-бирине жуктурушту.

Өлкөдө омикрон штаммы дагы катталды. Бул штамм башка штаммдарга салыштырмалуу бат жугат. Азыркы кезде аталган штамм жеңил өтүп жатат. Мындан улам ооруканаларда жаткандардын саны аз. 70 пайызы амбулатордук дарыланууда болууда.

Мурдагы дельта, альфа штаммдары улгайган адамдарга көбүрөөк жуккан болсо, омикрон штаммы менен жаштар, өспүрүмдөр көп ооруп жатат", - деп билдирди министр.

Ошондой эле министр дары-дармектердин запасы жетиштүү экенин кошумчалады.

"Күнүнө 400-500 орун кармап жатабыз. Бишкектеги бардык поликлиникалардын иштөө графиги саат 20:00 - 21:00гө чейин узартылды", - деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнөн коронавирустун омикрон штаммы 12-январда аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД