Кара-Балта шаарында болгон жол кырсыктан бир адам каза тапты

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында болгон жол унаа кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык бүгүн, 17-январда шаардын Пограничная - Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. "ВАЗ-2107" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн.

Кырсыктан бир адам каза таап, 22 жаштагы А.Э. аттуу жигит жаракат алган.

Жерине ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, каза тапкан адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алган жаранды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип, көз жумган жарандын ким экени такталып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД