Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды

Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында туулган.

Билими боюнча юрист.

Иш тажрыйбасы:

2004–2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы

2008–2018-жылдар аралыгында жеке ишканаларда юрист, адвокат кызматтарын аркалаган

2018–2020-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган

2020–жылы КР президенттик администрациясында эксперт

2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары кызматында эмгектенген

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД