Бишкекте "Жаш сүрөтчүнүн көз карашы" аттуу көргөзмө өтөт

18-январдан 28-январга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган "Жаш сүрөтчүнүн көз карашы" аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардыктарга көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда жасаган эмгектеринин ретроспективасы тартууланат.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД