Кандын өнөкөт оорулары бар адамдар вакцина алса болобу? Жооп

"Омикрон" өнөкөт оорулары бар, өзгөчө иммундук жетишсиздиги бар онкологиялык жана гематологиялык бейтаптарга, химия, таргеттик, нур, иммундук-супрессивдик терапия алып жаткан адамдарда оор түрдө өтүп, татаалдашуу коркунучу жогору болушу мүмкүн. Бул тууралуу 17-январдагы брифингде Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүм башчысы Шербет Жусупова билдирди.

Анын айтымында, ишенимдүү булактардын байкоосуна караганда, эмдөө алган бейтаптарда оору жеңилирээк өтүп, тезирээк сакайышууда.

"Дүйнөлүк коркунучту токтотуу үчүн эмдөө жолу менен "жамааттык иммунитетти иштеп чыгуу" зарыл шарт бойдон калууда", - деди Жусупова.

Онкологиялык жана гематологиялык оорулар COVID-19га каршы эмдөө үчүн каршы көрсөтмө болуп САНАЛБАЙТ.

Алар шишикке каршы дарылоонун нозологиясына жана баскычына карабастан, бирок бар болгон тобокелдик факторлорун эске алуу менен эмдөөдөн өтүүлөрү керек. Эмдөө учурунда шишикке каршы дарылоону токтотууга болбойт.

Артыкчылыктуу түрдө эмдөөдөн өтүүгө тийиш:

• 65 жаштан жогору адамдар

• өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу барлар

• өнөкөт жүрөк оорулуулар

• гипертониялык оорулуулар

• өнөкөт бөйрөк оорулуулар

• кант диабетинен жабыркагандар

• кош бойлуулар

• инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу максатында онкологиялык оорулуулар менен байланышта болгон адамдар (биринчи кезекте медицина кызматкерлери).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД