Жалал-Абадда он беш жашар бала сууга агып кетти

Жалал-Абадда он беш жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында болгон. Анда 2004-жылы төрөлгөн өспүрүм Кемпир-Абад каналында сууга түшүп жүрүп агып кеткен. Аны издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тартылып, кечке жуук өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД