
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча сурак берүүдө.
Эскерте кетсек, Мадумаров 14-январда да, кечээ 17-январда да ушул маселе боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.