"Жерди берүү – кечирилгис чыккынчылык"

Президент Садыр Жапаров vb.kg агенттигине берген маегинде 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турган кезде Баткен облусундагы Төрт-Көчө участогун Тажикстанга берүү тууралуу протоколго кол коюлуп калган деп айткан.

Эске салсак, 2009-жылы Ош – Баткен – Исфана унаа жолун оңдоо учурунда көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек аймактан 275 метр жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу чечим чыккан. Протоколго ошол убактагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бул документ менен Кыргызстан бул участокту Тажикстандыкы деп расмий түрдө тааныды деп коомчулук бул кадамга каршылык чыккан.

Эми болсо тажик тарап бул участокту өздөрүнүн жери деп эсептейт, ал эми кыргыз тарап бул жерлерди тактала элек аймактарга кошот.

"Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык", - деген президент.

Өз кезегинде Адахан Мадумаров vb.kg агенттигине берген маегинде эмне үчүн бул келишимге кол койгону тууралуу айтып берди.

"Бул дипломатиялык миссия болчу. Анда бизге жарандарыбыз үчүн Тажикстанга көз каранды эмес жолду салууга мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта тажик чек арачылары Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун салып алышкан, ошондон улам жергиликтүү тургундар Баткен облусунан Ошко баруу үчүн текшерүүдөн, чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө мажбур болушкан. Протокол бул маселени чечкен. Андан кийин айланма жолду куруу иштери башталып, көпүрө салынган", - дейт Адахан Мадумаров.

Аталган протоколго кол коюу Кыргызстан ал аймакты Тажикстандыкы деп тааныды дегендик эмес дейт Адахан Мадумаров. Ал документ өлкө жетекчилери чек ара боюнча расмий чечим кабыл алгыча элге жардам берүүчү болгону убактылуу чара болчу. Протокол жерди Тажикстанга ээ деп юридикалык жактан бекиткен эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД