Хабиб Кыргызстанда кафе ачат

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов M-eat by Khabib деп аталган тез тамактануу түйүндөрүн ачууну пландаштырып жатат. Биринчи мекеме "Москва-сити" иш борборунда ачылган, деп россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой Магомедовдун тез тамактануучу жайларында өздүк продукция сатылат - дымдалып бышырылып, түрдүү татымдар кошулуп, нанга салынган эт (токтун эти, уйдун эти, жылкынын эти) сунушталат. Бул азык "Брэдм-eat" деп аталып, патенттелген.

UFC'нин жеңил салмактагы экс-чемпиону Нурмагомедовдун айтымында, 2023-жылга чейин беш өлкөдө 150гө чукул түйүндөр ачылат. Тагыраак айтканда: Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия жана БАЭде.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД