Бишкекте маршруттук каттамдар иш таштады

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында маршруттук каттамдардын айдоочулары жумушка чыгышкан жок.

Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда.

Учурда борбор калаада троллейбус жана автобустар гана эл ташууда.

Белгилей кетсек, маршруттук каттамдын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы алгачкы жолу иш таштап жаткан жок. Буга чейин да бир нече ирет аталгандай нааразылык акцияларын уюштурушкан. Бул маселени мэрия чечүүгө убада кылган менен чечилбей созулуп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД