Бишкекте "Жаш сүрөтчүнүн көз карашы" аттуу көргөзмө ачылды

Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаардык Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына арналган "Жаш сүрөтчүнүн көз карашы" аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын ар кайсы жылдарда аткарган эмгектеринин ретроспективасы тартууланган.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: сүрөт, живопись, графикада тартылган. Сүрөт тартууда ар кыл ыкмалар колдонулган.

Сүрөт мектебинин максаты - балдардын чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, аларды Кыргызстандын улуттук маданияты, ошондой эле дүйнөлүк көркөм маданияттын мурастары менен тааныштыруу.

Сүрөт көргөзмөсү 18-январдан 28-январга чейин созулмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД