Жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктары өсүүдө. Милиция жүргүнчүлөргө кайрылды

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүлөргө кайрылды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери тек унаалардын катышуусунда гана эмес, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда да көп байкалууда. Алсак 2021-жыл ичи жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы боюнча 1346 жол кырсыгы катталган. Келип чыккан жол кырсыктарына айдоочулардын гана жол эрежелерин сактабагандыгы эмес, жөө жүргүнчүлөрдүн да кайсы бир деңгээлде тийешеси бар болууда. Анткени жөө жүргүнчүлөр жол эрежелерин толук сактабай, жөө өтмөктөрдөн өтпөстөн чоң унаа жолдорду кесип өтүп, жолдон өтүүдө уюлдук телефонго алаксып, маршруттук унаалардан түшкөн учурда аялдамалардан эмес жолдун ортосунан түшө калган фактылар, мына ушундай сыяктуу жана башка терс көрүнүштөр менен коштолууда.

Алсак 2021-жыл ичи Бишкек шаарынын аймагында 2663 жол кырсыгы катталып, 3396 жаран жабыркап, тилекке каршы 64 жаран жол кырсыгынан көз жумган.

Катталган жол кырсыгынын ичинен:

-Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү боюнча 1346 факты;

-Авто унаалардын сүзүшү 987 факты;

- Унаа жүргүнчүсүн кулатуу 146 ;

-Тосмолорду сүзүү 116 факты.

"Статистика да көрсөтүп тургандай эң көп жол кырсыгы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болууда. Андыктан жөө жүргүнчүлөргө жолдон өтүүдө эки жакты карап, шашпай, жолдо унаа жок экендигин көргөндө гана жолдон өтүүгө, айрыкча жаш өспүрүмдөрдү улуулардын коштоосу менен гана чогуу жүрүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД