ЖАКта кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыяланды

ЖАКнын төрагасы "ЖАКтын кадрлар резервин түзүү үчүн конкурс жарыялоо жөнүндө" буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЖАКтын орто жана улук жетектөөчү курамынын бош кызмат орундарын ээлөөгө 2022-жылдын 15-мартына чейин кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялансын деп кадрлар башкармалыгына тапшырма берилген.

Анда конкурска катышуу үчүн тапшырылган документтерди кабыл алуу жана андан ары кароо боюнча ишти уюштуруу, конкурска катышууга жол берилген талапкерлердин тизмесин комиссияга берүү, жана тандалган катышуучулрдын тизмесин жарыялоо кралган.

Буйруктун аткарылышын төрага өзү түз көзөмөлдөмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД