
Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Пекиндеги 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндары үчүн кеңири коомчулукка билет сатуусун токтотту. Бул тууралуу уюштуруучулардын тараткан маалыматына таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вирустун алдын алуу боюнча катаал чараларды аткарууга милдеттеме алган көрүүчүлөрдүн тандалма тобу гана оюнга чакырылат. Бээжин чет өлкөлүк сүрөөнчүлөр Олимпиадага киргизилбей турганын жарыялаган. Оюндар 4-февралда башталат.
Спортчулар жана оюндун башка катышуучулары спорт объектилеринде, жашаган жерлеринде жана транспорттордо медициналык тартип чараларын катуу сакташы керек.