
Бишкекте куткаруучулар кудуктан эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин районуна караштуу Бөкөнбаев көчөсүндө "Ала-Арча" дарыянын жанындагы кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы туралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, маркумдун өздүгү такталган, ал 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран болуп чыккан.
Маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.